Индонезияда сууга чөгүп кеткен кемедеги аскерлердин коштошуу видеосу

27 апреля 2021 17:27 2272 Barometr
Поделиться в:
ok

Индонезияда сууга алдында жүрүүчү кеменин экипажы каргашалуу кырсык алдында ырдап, жакындарына жөнөткөн видеосу интернеке жарыяланды. Бул тууралуу Republicworld басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Эске сала кетсек, 21-апрелде Балиге жакын жердеги машыгуу маалында аскердик суу астында жүрүүчү KRI Nanggala 402 кемеси дайынсыз болуп, байланыш үзүлүп калганы маалымдалган. Аскердик кемени издөөгө 18 флоттун кемелери, төрт полиция кемеси жана үч улуттук издөө-куткаруу кызматы тартылган.

25-апрелде эртең менен Индонезиянын президенти Жоко Видодо кеме чөгүп кеткенин расмий билдирип, экипаждын үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан.

Белгилей кетсек, кемеде 53 экипаждын мүчөсү болгон. Алардын баары каза болгон.

Интернетте пайда болгон видеодо экипаж мүчөлөрү шаңдуу Sampai Jumpa аталышындагы индонезиянын хит ырын аткарып жатканын көрүүгө болот. Ырдын аталышы "жолугушканга чейин" деп которулат.

Маалыматка ылайык, экипаждын мүчөлөрү флоттун кызматтан кетип жаткан командири менен коштошуу катары бул видеону жаздырышкан.



Ссылка: https://barometr.kg/lm-aldyndagy-koshtoshuu-yry-indoneziyada-chgp-ketken-kemenin-ekipazhynyn-kyrsyk-aldyndagy-videosu-internetke-zharyyalandy



Добавить комментарий