Кыргызстан чет элдик квалификациялуу адистердин келип иштешине кызыкдар. Учурда тийиштүү иштер аткарылууда
2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында чет өлкөлүк адистердин Кыргызстанга кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана кадамдуу алгоритми бекитилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү чечим Тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга жана экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды.
«Мында эки өңүт бар. Бир жагынан биз чет өлкөлүк адистердин келип, биз үчүн маанилүү иштерди башташына кызыкдарбыз. Экинчиден, өлкөгө вирустун кайрадан кирүүсүнө жол бербөөгө тийишпиз. Ошондуктан бул маселедеги мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин ар бир кадамын иштеп чыгуу орчундуу мааниге ээ», - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
Бүгүнкү күндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан өнөр жай тармагында - 203, айыл чарба чөйрөсүндө - 3, жол куруу тармагында - 469 өтүнмө кабыл алынды. Чет элдик жарандар 2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн виза ала турган тийиштүү документтерди топтоо жүрүүдө.
Чет өлкөлүк адистердин өлкөгө кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана электрондук виза алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси тиркелет.
Ссылка: https://barometr.kg/lkg-virustun-kajradan-kirsn-zhol-berbg-tijishpiz
Добавить комментарий ×