Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы ооруканалар өз убактысында бүтөт
Курулуп жаткан жаңы ооруканалар өз убактысында бүтөт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
“Акыркы учурда интернет айдыңында салынып баштаган ооруканалар белгиленген мөөнөттөрүндө бүтпөй калат деген кооптонгон маалыматтар чыгып жатат. Биз буга чейин аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында жалпы 12 объект курулуп жатканын кабарлаганбыз, аларга дагы 2 оорукана кошулду: Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районундагы Чайчы айылында. Учурда 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүп жатат. Мен, өкмөт башчы катары, баарыңыздарды ишендирип кетем: ооруканалар боюнча белгиленген курулуш иштери аба ырайына байланыштуу гана кээ бир обьекттилер 4-5 күнгө кечиктирилип калбаса, сөзсүз курулушу аягына чыгарылат”, - деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, бардык ооруканалар медициналык жабдыктар менен толук жабдылып, тийиштүү персонал ишке тартылат. Бул боюнча бардык иштер жигердүү жүрүп, көзөмөлдө турат.
Ссылка: https://barometr.kg/lkd-kurulup-zhatkan-zhay-oorukanalar-ubaktysynda-btt
Добавить комментарий ×