Өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын баасын этап менен төмөндөтүү жүрүүдө
Жакынкы арада күйүүчү майдын чекене наркы орточо 2 сомго төмөндөтүү пландалууда. Баанын мындан ыркы динамикасы республиканын экономикалык ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнө жана дүйнөлүк рыноктогу мунай наркына түздөн-түз көз каранды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Чечим тиешелүү мамлекеттик органдар менен өлкөнүн нефтетрейдерлер өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө кабыл алынды. Учурда республиканы күйүүчү жана майлоочу май менен камсыз кылуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Муну менен катар мунай заттарынын тартыштыгын алдын алуу боюнча иш-чаралар кабыл алынууда.
Жалпысынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча жыл башына салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасынын түшүүсү байкалууда. Алсак, январь-апрель айларында өлкө боюнча бензин 2,8 сомго же 6,7% арзандаган, ал эми дизель майдын баасы 4,7 сомго же 9,7% төмөндөгөн.
Мунайзат базаларынан сатып алынган күйүүчү жана майлоочу майлардын дүң баасынын бир кыйла түшкөндүгүн белгилей кетүү керек. Көрсөтүлгөн мезгилде бензиндин дүң баасы 11,6 сомго же 32% арзандаган, ал эми дизель майынын дүң баасы 11 сомго же 21,3% төмөн түшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/lkd-kjch-zhana-majloochu-majdyn-baasyn-etap-menen-tmndt-zhrd
Добавить комментарий ×