Ош жана Нарын облустарында жер титиреди
Поделиться в:
Кечээ, Ош жана Нарын облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянуу менен "Барометр" билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Өзгөн районунун Шералы, Кароол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ошондой эле, Нарын облусунун аймагында дагы очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Кочкор районунун Орток, Кызыл-Дөбө, Комсомол, Ак-Талаа айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/lkd-eki-zherde-zher-titir-kattalgan
Добавить комментарий ×