Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

1 сентября 2020 13:25 1746 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 1- сентябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

Ссылка: https://barometr.kg/lk-bashchy-koopsuzduk-keeshinin-zhyjynyn-tkrd



Добавить комментарий