Сооронбай Жээнбеков чек ара кырдаалды курчутпай, маселени чечүү керек
Бүгүн 17-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге апарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков катышты. Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти.
Ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону баса белгиленди. Өлкѳ башчы кырдаалды курчутпай, маселени чечүүнү сунуштады. Жыйында жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алып келүүнү белгиледи. Ошондой эле ѳлкѳ башчы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Андан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укуктарды сактоо менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/lk-bashchy-chek-ara-kyrdaaly-boyuncha-keeshme-tkrd
Добавить комментарий ×