Өлкө аймагында бир жумада 16 903 айдоочу жол эрежесин бузган

8 августа 2022 09:51 835 Barometr
Поделиться в:
ok

Өлкө аймагында бир жума ичинде 16 903 айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу ЖКККББ басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, рейд жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында өткөрүлүп жатат.

Акыркы жумада республикада 16903 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3404;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 187;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5815;

- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 18;

- Автоээнбаштык – 10;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1177;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 37;

-жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5096;

-айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 10;

-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 245;

-унаа токтотуучу жайга коюлду – 795.


Ссылка: https://barometr.kg/lk-ajmagynda-bir-zhumada-16-903-ajdoochu-zhol-erezhesin-buzgan



Добавить комментарий