Кыргызстанда 3 млн адамдын медициналык камсыздандыруу полиси бар

25 декабря 2019 11:48 1588 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеште «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

ММК фондунун 2019-жылдагы бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 15 млрд 30 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Бирок, жыл ичинде түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен, азыр ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы келип чыкты. 

Мисалы, фондунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү «Онкологиялык кызматты колдоо» коомдук фондунан келип түшкөн 2019-жылдын башына карата максаттуу каражаттардын калдыктарынын эсебинен 478 млн 245 миң сомго көбөйдү. 

Бул каражаттын ичинен жыл аягына чейин 178 млн 245 миң сом колдонулат. Андан тышкары, Бирдиктүү төлөм тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги өтмө каражаттардын калдыгына тактоо киргизилди, калдык – 309 млн 380 миң сом. 

ММК фондунун 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген көрсөткүчү жалпысынан 835 млн 548 миң сомго жогорулайт, ошол эле учурда ММК фондунун бюджетинин чыгашалар боюнча көрсөткүчү 835 млн 548 миң сомго жогорулайт. 

Ошентип, ММК фондунун 2019-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган көрсөткүчү 15 млрд 720 млн 544 миң сомду түздү. Депутаттар ММК фондунда өз тармагында ырааттуу реформаларды жүргүзүү, айрыкча дары-дармектерди сатуу жана мамлекеттик кепилдик каражаттарын бөлүштүрүү зарылдыгын белгилеп, Өкмөткө кардарларды тейлөө жаатында орун алган коррупциялык жосундар менен социалдык теңсиздикти жоюу, тендерлерди калыстык менен өткөрүү жаатында бир катар тапшырмалар берилди. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ММК тармагында реформалар жүргүзүлүп, фонддун каражатынын өз багытында жумшалуусуна, жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү сапатынын жакшыруусуна, өлкө аймагына алынып келинген дары-дармектердин сапатынына көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди. Белгилей кетсек, эл каттоо маалыматына ылайык, Кыргызстандын 5 млн 800 миӊ калкы бар, анын ичинде 64 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандырууга жатат, мындайча айтканда, 3 млн адамдын медициналык камсыздандыруу полиси бар.

Ссылка: https://barometr.kg/lk-ajmagyna-alynyp-kelingen-dary-darmekterdin-sapatynyna-kzml-kchtl-turganyn-bildirdi



Добавить комментарий