Little Big тобунун экс-солисткасынын жансыз денеси табылды
Little Big группасынын мурдагы солисткасы Анна Кастельяностун жансыз денеси Санкт-Петербургдагы өзүнүн батиринен табылды. Бул тууралуу Mash Telegram каналы жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Белгиленгендей, акыркы алты ай ичинде ден-соолугуна байланыштуу, ал төшөктө жатып калган. Ырчы белинин жана омурткаларынын оорушунан улам баса албай калган. 38 жаштагы ырчыга буга чейин, ыктыярчылар үй жумуштарында жардам берип келишкен.
Ал өзүнө окшогон өзгөчө адамдар да ушундай бийиктикти багынта аларын далилдеп, алардын коомдон оолактабай, кадимки адамдардай жашашына жардам берип келчү.
Little Big музыкалык тобунда сырдоодон тышкары, Кастельянос иш-чараларды алып барып, тасмаларда роль жараткан.
Эске салсак, Little Big группасы 2020-жылы Россиянын атынан UNO ыры менен "Евровидениеге" барышы керек болчу. Алардын видеосу сынактын расмий YouTube каналында эң көп көрүлгөн видео болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/little-big-tobunun-eks-solistkasynyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×