Лионель Месси «Манчестер Сити» клубуна кетери кабарланууда
«Барселона» футбол клубунун чабуулчусу Лионель Месси клубдан кетүү чечимин кабыл алган. Бул тууралуу The Athletic басылмасына шилтеме берип «Барометр» которду.
Месси «Барселона» клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куманга кетүү тууралуу чечимин айткан.
Бул чечимди Месси "Бавария" менен болгон оюнда 8:2 эсеби менен утулгандан кийин кабыл алган.
«Манчестер Сити» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиол менен болгон сүйлөшүүдөн кийин клубдан кетүү чечимин жалпыга маалымдады.
Ага ылайык, «Манчестер Сити» командасынын курамын жакшыртууга 300 млн евро коротору белгилүү болгон. Бирок «Барселона» Мессини бекер койбербесе керек. Контракта оюнчуну койо берүү үчүн 700 млн евро деп көрсөтүлгөн. Чет өлкөлүк басылмалардын билдиришине караганда «Барселона» Мессини 222 млн еврого койо бериши мүмкүн.
Аргентиналык отуз үч жаштагы Лионель Месси «Барселона» клубунан тарбияланып, 2004-жылы биринчи жолу башкы командада ойногон.
Белгилүү болгондой Мессиге Англиянын «Манчестер Юнайтед» клубу да кызыгып жатат. Алдын ала маалыматта, британдыкттар чабуулчуга «Барселона» клубундай айлык маяна төлөп берерин айтышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/lionel-messi-manchester-siti-klubuna-keteri-kabarlanuuda
Добавить комментарий ×