Лионель Месси “Барселона” клубунда каларын жарыялады

5 сентября 2020 09:21 582 Barometr
Поделиться в:
ok

Баардык футбол сүйүүчүлөрү Месси кайсы клубка кетет деген кызыгуусуна футболчу жооп берди. Лионель Месси кийинки сезондо дагы “Барселона” клубунда  калаарын жарыялады. Бул тууралуу "Goal" басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.

Аргентиналык футболчу август айында “Барселона “ клубуна келишимди бузуу жөнүндө билдирген, бирок ал максатына жете алган жок. 

Месси Goal гезитине берген маегинде: “Мен кетип калгым келген. Бирок мага уруксат берилген жок, мен сот процессине жеткирбеш үчүн клубда калам. Бартомеу жетектеген клубдун жетекчилиги кыйроого учурады", -деп айткан.

Аргентиналык оюнчу келишимдеги бир пункттан пайдаланып, келишимди бир тараптуу буза алам деп ойлогон. Бирок ал ойлогондой болбой калган.

«Мен жетекчиликке, анын ичинде президентке кетким келип жаткандыгын айттым. Мен аны менен бул жөнүндө жыл бою сүйлөшүп келе жатам. Ал сезондун аягында менин тагдырымды чече алам деп ишендирген, бирок ал сөзүнө турбады », - деп кошумчалады Месси.

Эскерте кетсек, Лионель Месси "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүү чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.


Ссылка: https://barometr.kg/lionel-messi-barselona-klubunda-kalaryn-zharyyalady



Добавить комментарий