Өлгөн кашалоттун ичинен 100дөн ашык желим стакан, пластик баштыктар, резина бут кийимдер чыкты

21 ноября 2018 10:50 1999 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Индонезияда кашалот таштанды жеп алгандыгы үчүн өлүп калды. Анын өлүгү суунун жээгине чыгып калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. 

Маалыматта айтылгандай, адистер кашалотту сойгондо, ичинен толтура чирибеген жиптер, 100дөн ашык желим стакандар, 4 желим бөтөлкө, резина бут кийимдер жана 25тен көп пластикалык баштыктар чыккан. 

Кашалот - тиштүү ири кит. Анын ургаачылары 15 метрге жетип, салмагы 20 тонна болсо, эркектери 20 метрге чейин болуп, салмагы 50 тоннага жакындайт.

Ссылка: https://barometr.kg/lgn-kashalottun-ichinen-100dn-ashyk-zhelim-stakan-plastik-bashtyktar-rezina-kijimder-chykty



Добавить комментарий