Леонид Якубович "Поле чудес" көрсөтүүсүнүн эфирге чыкпаган сырларын айтып берди

28 мая 2019 09:10 3594 1 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Россиянын белгилүү теле көрсөтүүлөрүнүн бири "Поле чудес" 29 жылдан бери эфирге чыгып келет. Эфирдин сырлары жана кызыктары менен алып баруучу Леонид Якубович Baltkom радиосунун "Абонент өчүрүлгөн" программасына берген интервьюсунда айтып берди.

"Бул нерсе кантип 29 жылдан бери эфирге чыгып жүргөнүн мен өзүм түшүндүрүп бере албайм. Өзүм түшүнбөйм, чын айтам. Коноктор эфирде өздөрүн абдан эркин сезишет, мен алардын активдүүлүгүнүн 10 пайызын өзүмө алам калганын Кудайдан", -деди Якубович.

Баарынан кызыгы алып баруучу өзүнүн берүүсүнүн бир да чыгарылышын телевизор аркылуу көрбөгөнүн айткан. Алып баруучу дайыма шоу көрсөтүү учурунда көрүүчүгө да, иштеп жаткан студияга да, келген конокторго да жагымдуу маанай жаратууга аракет кылаарын билдирет.

"Мотор" деген буйрук кеткенден кийин мен күлүүгө, алып барып жаткан көрсөтүүмдөн ырахат алууга тийишмин. Бирок кээде мен андан ырахат албай калам, муну менин көздөрүмдөн байкоого болот", дейт ал.

Якубович программа монтаж учурунда дагы бираз болсо да өзүнүн кызыгын жоготоорун да белгилеп кеткен.

"Шоу тартылып жатканда ушунчалык күлкү болот. Бирок  улуу жана өкүнүчтүү болгон "монтаж" деген түшүнүк бар. Программа негизи 2 жарым саатка жакын убакытта тартылат, бирок эфирге 1 эле сааттык болуп даярдалат. Ушунун артынан камерага тартылган көптөгөн кызыктар кесилип, суроо-жооп гана калып калат", -деп кошумчалады.

Кээ бир учурда балдар ырдабай койгондо коридорго чыгарылып алар ырдап баштаганда кайра эфирге чыгаарын да билдирди.

Алып баруучунун айтымында эфирге мындай "жылуу учурлар" чыгарылбайт.

Якубович "Поле чудестин" коноктору барабанда турган тамак-аштарды жеген учурду да сөзсүз түрдө эфирге батырып жетишүү да абдан маанилүү учурлардын бири болуп саналат.


Ссылка: https://barometr.kg/leonid-yakubovich-pole-chudes-krstsnn-efirge-chykpagan-syrlaryn-ajtyp-berdi



Добавить комментарий

  • мен бул корсотуу туз эфирде кетет экен деп ойлоп жургом да корсо бул деле биринчи запись болот турбайбы