Леонардо Ди Каприо АКШ президентине ачык кат жолдоду

27 января 2021 11:35 4157 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык актер Леонардо Ди Каприо АКШнын президенти Джо Байденге климаттык кризистен чыгуу боюнча чараларды көрүү өтүнүчү менен ачык кат жазды. Бул тууралуу актердун соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Актердун посту бир күндүн ичинде беш жүз миңге жакын "лайк" жана төрт миңден ашуун комментарий топтогон.

Леонардо Ди Каприо көптөн бери экологиялык көйгөйлөр тууралуу алектенип келет, бул жолу  Джо Байденди адамзатты "туңгуюктан" алып чыга алган "климаттын президенти" болууга чакырды.

"Сиз дүйнө элин күйүүчү отундун ордуна таза энергияны колдонууга өткөрүүгө күчүңүз жетет. Бул жумуш орундарын көбөйтүүгө, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана ошол эле учурда экономикалык жана расалык теңсиздиктерди жоюуга мүмкүндүк берет", - деди Ди Каприо.

Ошондой эле, актер Байдендин көмүр кычкыл газынын чыгарылышын азайтуу чаралары жөнүндө Париж келишимине кошулуу чечимин колдоду.

Ссылка: https://barometr.kg/leonardo-di-kaprio-aksh-prezidentine-achyk-kat-zholdodu



Добавить комментарий