"Ленин" чокусун багынтам деген монголиялык турист бийиктиктен түшө албай жардамга муктаж

7 сентября 2022 14:16 1257 Barometr
Поделиться в:
ok

Монголиядан "Ленин" чокусун багынтууга келген турист бийиктиктен түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМнын мпалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Ош облусунун Чоң-Алай районунда "Ленин" чокусуна жетпей, монголиялык турист ылдыйды көздөй түшө албай калган.

"5-сентябрь күнү жергиликтүү туристтик фирмасынын башчысы ӨКМдан жардам сурап кайрылды. Анын берген маалыматы боюнча, Ленин чокусуна жетпей 6100 метр бийиктикте Монголия республикасынан келген турист ылдый түшө албай калып, бир кишилик чатырда жаткан.

Куткаруучулар туристке ысык чайын берип, 5800 метр бийиктикке түшүрүшүп, өздөрү ылдый карай 4600 метр бийиктикке түшүп кетишкен.
Жогоруда аталган туристти тоодон түшүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/lenin-chokusun-bagyntam-dep-mongoliyadan-kelgen-turist-zhardamga-muktazh-any-bijiktikten-tshrg-dayardyk-krld



Добавить комментарий