Лейлекте белгисиз адам айылдык кеңештин төрагасын атып кетти
Поделиться в:
Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Баткен областынын Лейлек районун Жаңы-жер айылдык кеңешинин төрагасы 32 жаштагы Кубаныч Баяновду белгисиз адам атып кети.
Бул тууралуу укук коргоо органдары маалымат беришти.
Маалыматка караганда Кубаныч Баянов айылдык кеңештин төрагасы болгон. Кылмыштуу окуя 5-ноябрда кечинде болуп, жабырлануучу Тажикстандын Кожент шаарындагы ооруканага жаткырылган.
Аткан адам изин жашырууга жетишкен.Факт боюнча Лейлек райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды. Окуянын чоо-жайы белгисиз
Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-belgisiz-adam-ajyldyk-keeshtin-tragasyn-atyp-ketti
Добавить комментарий ×