Лейлекте катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырын учурду

1 мая 2020 16:42 973 Barometr
Поделиться в:
ok

Лейлек районунда куюн аралаш шамал болуп, үйлөрдүн чатырын  учурду. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунунда 29-апрель күнү 21:00 чамасында куюн аралаш шамал болгон. Гидрометеорология боюнча агенттигинин Исфана метеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык куюндун ылдамдыгы секундасына 28-33 метрге чейин жеткен.

Анын кесепетинен Лейлек районунун айыл аймактары боюнча 7 орто мектептин 75 даана, 33 турак үйдүн 476 даана жана 15 чарбалык курулуштардын 248 даана шиферлерин учуруп кеткен.

КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Лейлек райондук ӨК бөлүмнүн кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. 

Ссылка: https://barometr.kg/lejlek-rajonunda-shamal-bolup-jlrdn-chatyrynuchurdu



Добавить комментарий