Лейла Сыдыкова: кылмыштуулукка каршы күрөшүү көйгөйү дайыма актуалдуу

9 апреля 2020 14:29 1408 Barometr
Поделиться в:
ok

Сыдыкова Лейла Чынтургановна, Кыргыз-Россия Славян Университетинин жазык укук жана криминология кафедрасынын профессору. Ал Кыргыз Республикасындагы жазык мыйзамдарын реформалоо жөнүндө айтып берди.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүү көйгөйү дайыма актуалдуу болгон жана бул бүгүн дагы ошол бойдон калып келүүдө. Формациянын алмашуусу бизге өлкөнүн жазык саясатын алмаштыруунун зарылдыгын мажбур кылды, бул кылмыштуулукта жаңы тенденциялардын пайда болушу менен байланыштуу болду.

Заманбап шарттар кылмыш саясатынын маңызын акыркы тенценцияларды эсепке алуу менен кайрадан кароону жана анын каршылыгына адекваттуу чараларды иштеп чыгууну талап кылды.

Советтик формациянын шарттарында жетишээрлик жакшы иштеген механизмер жаңы шарттарда иштебей калды.

Кылмыш көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн болуп жаткан реалдуулукка адаптацияланган механизмдерин түзүүнүн зарылдыгы келип чыкты.

Мен кылмыш-жаза мыйзамдарын реформалоонун айрым бир концептуалдык чечимдерине токтоло кетейин.

Иш-милдеттердин бири катары, кылмыш жаза жоопкерчилигин оптимизациялоо иш-милдети коюлган. Бул иш-милдетти чечүү кылмыш- жазык укукбузуу түшүнүгүн кайтадан ойлонуп карап чыгууну талап кылды.

Ошентип, жоруктардын төмөндөгү үч мүчөлүү квалификациясы түзүлдү: кылмыш, кылмыш жорук жана бузуу.

Ушуга байланыштуу административдик мыйзамдарды, жекелеп айтканда, КР административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексти реформалоо зарылдыгы пайда болду.

Жыйынтыгында мыйзамдардын төмөнкү шатысы түзүлдү:

▪ Жазык кодекси (кылмыштар)

▪ Жоруктар жөнүндөгү Кодекс (жазыктар)

▪ Бузуулар жөнүндөгү Кодекс (бузуулар)

▪ Ошондой эле кылмыш жосундарын классификациялоо:

▪ кылмыштар

▪ жоруктар

▪ бузуулар

Аларды эмне бириктирет: коомго коркунучтуулугу, инсандын кызыкчылыктарына, коомго, малекетке, адамдык бытиянын каалаган чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерге зыян келтирүү; ар кандай оордуктагы зыяндарды келтирүү.

Алар эмнеси менен айырмаланышат: коомго коркунучтуулук мүнөзү, келтирилген зыяндын оордугу, жазалоонун түрү жана өлчөмү;

Кылмыштардагы зыяндуулук олуттуу, оор, өзгөчө оор

Жазыктардагы зыяндуулук: аз маанилүү.

Бузуудагы зыяндуулук жазыктардагы зыяндуулуктан аз маанилүү.

Мисалы: Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин 123-беренеси айдоочунун жолдо жүрүүнүн эрежесин, мисалы, светофордун тыюу салган белгисине карабай өтүп кетиши, озуп кетүү жана башка.

Бузуулар боюнча жоопкерчилик башталат. Бирок, эгерде ушул эреже бузулган болсо жан а анын натыйжасында ден соолукка аз оор зыян келтирилсе, жоопкерчилик Жазыктар жөнүндөгү Кодекстин 153-беренеси боюнча башталат.

Ал эми, эгерде ушундай бузуунун натыйжасында ЖК 297-бересинде көрсөтүлгөн, байкабай оор зыян келтирилсе (бир же бир нече адамдын ден соолугуна оор зыян келтирилсе)
кылмыш үчүн жоопкерчилик башталат.

Сиз көрүп тургандай, бул аталган жоруктардын ортосунда өз-ара терең байланыштар бар. Алардын болгон айырмачылыктары жорукту жасоонун натыйжаларына жараша болот. Бирок жоруктун жалпысынан кылмыш. Натыйжалары гана ар кандай.

Бузуу жөнүндөгү Кодекс өзүнө жазык мыйзамын майда бузууларын кошуп
алат. Ошого жараша алар үчүн жазалоо жазыктарга караганда анча катуу эмес. Кодексте алар анча катуу эместигинен улам жаза берүү деп аталган.

Аларга – эскертүү жана жазана (штраф) кирет. Муну менен штраф кылмыш жазыктарын жасагандык көлөмү боюнча каралган жазана (штраф) менен өз-ара байланышат
(корреляция).
Бул туура, бузуулар үчүн жазананын (штрафтын) өлчөмү жазыктар же кылмыштар үчүн болгон жазанадан (штрафтан) көп болушу мүмкүн эмес. Катуу жазалоонун ар кандай деңгээли болуш керек.
Кылмыш жоруктары бул болгон кесепеттерине байланыштуу, жазык мыйзамдарын олуттуу бузгандык. Ага жараша, жазыктар үчүн жазалоо жөнөкөй бузууларга
карата катаал.

Төмөндө жасалган жазыктар үчүн жазалоонун түрлөрү келтирилди (43-берене):
1. Коомдук жумуштар

2. Эркинен ажыратуу

3. Айрым бир кызматтарды ээлөө же айрым бир иштерде иштөө укугунан ажыратуу

4. Түзөтүү жумуштары

5. Жазана (Штраф)

6. Аскер кызматчысына карата аны камакка алуу

Сиз көрүп тургандай, жазыктар үчүн эркинен ажыратуу жок. Аны жасагандык үчүн дагы соттуулук жок. Соттуулук кылмыш жасагандыгынын укуктук кесепеттери болуп гана сакталып калган. Кылмыштуулук, өз кезегинде, жазык мыйзамдарын эң коркунучтуу бузгандык болот жана кесепеттери абдан оор. Ошого ылайык жазалоо дагы жетиштүү катаал.

ЖКда кылмыштар үчүн жазалоо төмөнкүлөргө бөлүнөт:

  • коомдон обочолонтууга байланышпаган:
  • ▪ коомдук жумуштар
  • ▪ айрым кызматтарды ээлөөгө же аныкталган айрым бир иштерде иштөө укугунан
    ажыратуу
  • ▪ түзөтүү жумуштары
  • ▪ жазана (штраф)
  • коомдон обочолонтуу менен байланышкан:
  • ▪ тартиптик аскердик бөлүктө кармоо
  • ▪ эркинен аныкталган бир убакытка чейин ажыратуу
  • ▪ эркинен өмүр бою ажыратуу
  •  
  • Кылмыш үчүн жазалоо жарандардын укуктарын чектөөнүн көп саны менен байланышканы түшүнүктүү.
  • Кылмыш үчүн абдан катаал жазалоо дайындалышы мүмкүн: эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу.
  • Жогоруда жол-унаа окуясынын ар кандай кесепеттери келтирилген, мисалы, реформанын келерки этабын түшүнүү үчүн гана келтирилди – бул өлкөнүн административдик мыйзамдарын реформалоо.
  • Эски административдик Кодекстеги деликтердин1, жаратылышы – жазык –укуктуу. Бул жогоруда келтирилген (ЖТО) (ДТП) боюнча мисалдан келип чыгат. Биздин көйгөй административдик жоопкерчиликтин маңызын анын толук кандуу маанисинде түшүнүүбүздө жатат. Муну далилдебей деле койсо болот, себеби, өлкөдө эчак эле Административдик кодекс кабыл алынган жана «Административдик
    процедуралар жөнүндөгү» мыйзам аракетте. Алар бири-бири менен өз ара кандай катышта жана деги эле катышабы? Традициялык түшүнүктө жеке адамдарга карата колдонулуучу жоопкерчилик жарандык же кылмыштык болот. Ал эми административдик жоопкерчилик жөнүндө айтсак, анда сөз мамлекеттин инсандын алдындагы жоопкерчилиги гана жөнүндө болот. Биз совет мезгилинде, мамлекет жеке адам жооп бергендей жооп бере ала тургандыгын элестете алчу эмеспиз. Азыр кырдаал өзгөрдү жана Конституцияга ылайык, мамлекет өз жарандарынын алдында жоопкерчиликти тартат. Башка маселе, мамлекеттин, тиешелүү органдардын атынан жана жоопкерчилигинин укуктук режими башкача болушу керек. Бул мамлекеттин укуктук кездемесине администрациянын (мамлекеттин) жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сиңдирүүгө
    шарт түздү.
  • Ошентип, таптакыр жаңы мааниси менен администрациянын жоопкерчилиги түзүлдү. Бул мамлекеттик жана муниципалдык органдардын чиновниктеринин жоопкерчилиги. Ошентип, административдик сот өндүрүшү жана административдик процедуралар жана ага ылайык келген мыйзамдар пайда болду.
  • Жыйынтыктап жатып, Кыргызстанда биринчи болуп чачылган ченемдерди системага келтирүү жана доктриналдык көрүнүш жасоого аракет жасалганын белгилей кетүүнү чечтим. Реформанын дагы бир аспекти жазалоонун системаларын реформалоо менен байланышкан.
    Бул жерде дагы ири иштер жасалды. Санкцияларды иштеп чыгуу боюнча жүрүмдөргө маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк бере турган механизмдер иштелип чыкты. Санкцияларды түзүүнүн негизине алардан чыккан төмөндөгү тартиптер салынган:
  • негиздүүлүк принциби, (кылмыш жасоонун ыкмалары, кесепеттеринин оордугу, жүйөлөнтүү (мотивация ж.б.) оордотуучу жагдайлар эске алынган.
  • максаттуулук принциби, альтернативдүү жазалоо каралган, бирок бул кылмыштын айкын составына колдонулат.
  • гуманизм принциби боюнча анык бир
    санкциялар каралган.
  • ▪ Жазалык – укуктук санкциялар системасын оптималдуу мыйзамдык-техникалык түзүү принциби, Жазалоонун ылайыктуулук Таблицасы иштелип чыккан.

  • Бул таблица жазалоону анын катаалдуулук деңгээли, соттолгондордун укуктарын чектөө деңгээли боюнча салмактуулугун так аныктоого мүмкүндүк берет. Бирок, бизге бул механизмди иштеп чыгуу үчүн дагы бир иш-милдетти чечүү – жазаларды
    категоризациялоого өтүүгө туура келди.
  • Анык бир аткаруу мөөнөттөрү аныкталган жазалоолор, анык бир категорияларга
    бөлүнгөн. Эркинен ажыратуу түрүнүн мисалында карап көрөлү. Мамлекет эркинен ажыратуу жолу менен бара жатканын белгилей кетүүбүз зарыл.
    Ошондой эле, ЖКда эркинен ажыратуунун төмөндөгү мөөнөттөрү белгиленген: минималдуу – 6 ай, максималдуу – 15 жыл, ал эми жыйындысында 20 жыл.
    Эркинен ажыратуунун градациясы төмөндөгүдөй көрүнөт:
  • Эркинен ажыратуунун мөөнөттөрү боюнча жазалоо алты категорияга бөлүнөт:
    1. эркинен ажыратуунун биринчи категориясы - эки жыл алты айдан көп эмес;
  • 2. эркинен ажыратуунун экинчи категориясы – эки жыл алты айдан көп, бирок беш жылдан көп эмес;
  • 3. эркинен ажыратуунун үчүнчү категориясы – беш жылдан көп, бирок жети жыл алты айдан көп эмес;
  • 4. эркинен ажыратуунун төртүнчү категориясы – жети жыл алты айдан көп, бирок он жылдан көп эмес;
  • 5. эркинен ажыратуунун бешинчи категориясы – 10 жылдан көп, бирок он эки жыл алты айдан көп эмес;
  • 6. эркинен ажыратуунун алтынчы категориясы – он эки жыл алты айдан көп эмес, бирок он беш жылдан көп эмес.
  • Ошондой эле Категориялар төмөнкү жазалоолор үчүн аныкталган:
  • ▪ коомдук жумуштар – 4 категория (65-берене)
  • ▪ анык бир кызматтарды ээлөө же аныкталган иштерде иштөө укугунан ажыратуу - 4 категория (66-берене)
  • ▪ түзөтүү жумуштары 4 категория (66-берене)
  • ▪ жазана (штраф) - 6 категория (68-берене)
  • Тартиптик аскер бөлүктөрүндө кармап туруу, түбөлүккө эркинен ажыратуу – категорияларга ээ эмес.
  • Категоризациялоону киргизүү судьялар тарабынан жазалоону дайындоодо ар кандай
    кыянатчылык менен пайдалануунун учурларын кыскартканга мүмкүнчүлүк берет.
  • Бирок, муну менен судьяга ушул категориялардын чегинде жазалоону жумшартуучу же оорлотуучу жагдайларды эске алуу менен жазалоонун түрлөрүн тандоо укугу кала берет.
  • Коррупциялык тобокелдин жогорку деңгээлин эске алып, кодекстин жазалоонун абдан төмөнкү ченеми каралган беренеси алынып ташталды.
  • Категоризациялоо менен аныкташуудан кийин, Жазык кодексине тиркеме катары жазалардын тиешелүүлүгү Таблицасы түзүлгөн, анда эркинен ажыратуу жазалардын кайсы категориясына кирери жазылган.
  • Ошондой эле, ал түзөтүүжумуштарына, коомдук жумуштарга ж.б. кирет. Ошондой эле, кошумча жазалоо аналогдук түрдө чечилген. Алар дагы тиешелүүлүк таблицасына киргизилген. Ошентип төмөндөгү маанилүү милдеттер чечилүүдө:
    1. мыйзам чыгаруучу орган ЖКнын жана ЖжКтин санкциялар беренелерин түзүүдө
    жазалардын тиешелүүлүк таблицасы менен байланышат, санкцияларды мыйзамдулук
    менен түзүү тажрыйбасы бирдиктүү болот.
  • 2. соттордун санкцияларды бирдей колдонуу милдеттери чечилүүдө.
  • 3. судьялык кеңири кароонун тобокелдери азаюуда.
  • 4. жазалоону дайындоо процессинде коррупцияны түзүүчүлүк жоюулуда
  • 5. жазык укугунун принциптерин жүзөгө ашыруу механизмдери киргизилди.

  • КР ЖКде юридикалык жактардын жоопкерчилиги

  • Юридикалык жактардын жоопкерчилигин киргизүү сөзсүз түрдө азыркы замандын чакырыктарынан болуп эсептелет. Бирок, мындайлар биздин мыйзамдарда бар жана көп
    жылдан бери колдонулуп келе жатканын белгилей кетүү зарыл. Биз аны салык жоопкерчилиги, административдик-деликттик (сакчылык) же бажылык жоопкерчилик түшүнүгү деп катып келсек дагы, ал жазык-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндө. Ушуну түшүнүү менен, башка дагы аспектти, жазыктык укуктун жана жазык процесстеринин бардык принциптери юридикалык адамдардын жазык жоопкерчилигин аныктоо учурларына жайылтылышын таанууга биз милдеттүбүз.
  • Юридикалык жактарга карата колдонулуучу санкцияларга, же жазык-укуктук таасирлерине тиешелүүлүктө алар жаза-укуктук мүнөздү алып жүрүшөт: жазаналар (штрафтар), ликвидация жоюу, лицензияны алып коюу. Бул репрессивдик тартиптеги санкция. ЖКнын 20-чы бапы юридикалык жактарга карата жазык-укуктук таасир тийгизүүнүн мажбурлоо чараларына арналган. Бул жазык укугундагы таптакыр жаңы институт. Корпоративдик жазык жоопкерчилиги эл аралык деңгээлде колдоого алына баштаганын белгилей кетүү зарыл.
    Ушул маселенин маңызын түшүнүү боюнча тарыхка бир аз токтоло кетели. Мындай каалоо биринчиден болуп мурда эле, 1929-жылы жазык укугу боюнча Эл аралык конгрессте түзүлгөн. 1946-жылы Эл аралык трибунал Нюрнберг процессинин жүрүшүндө мамлекет жана анын уюмдары эл аралык кылмыштардын субъектилери болуш мүмкүндүгүн тааныган. 1978-жылы Европа Кеңешинин кылмыштар көйгөйлөрү боюнча Европалык комитети юридикалык адамдарды экологиялык кылмыштардын субъекттери катары таанууну европа өлкөлөрүнүн мыйзамчыларына сунуштаган. Ушундай эле сунуш БУУнун коррупцияны алдын алуу жана укук бузуучуларга карата мамилелер боюнча үзгүлтүксүз өткөрүлүүчү конгресстеринде, тактап айтканда 1996-жылдагы Каирде өткөн Конгресстин чечимдеринде камтылган.
  • Ушундай көйгөйдөгү маанилүү документ болуп Европа кеңешинин мүчө - өлкөлөрүнүн Министрлер Комитетинин № 18 (88) ишканалардын - юридикалык адамдардын чарбалык иштерди аткарып жатканда жасаган укук бузуулары үчүн жоопкерчилиги жөнүндөгү Рекомендациясы болду.
  • Акыркы жылдардагы эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган жана Кыргызстандын Парламентинде ратификациядан өткөн эл аралык конвенциялар өлкөнүн Жазык кодексинин кездемесине юридикалык жактардын кылмыш жоопкерчилиги тууралу маселени киргизүү тапшырмасын койду.
  • Албетте, бул жазык укугунун негизги институттарында кылдат талдоону жүргүзүүнү жана мындай жоопкерчиликти бекитүүнүн теориялык маселелерин орнотууну талап кылды.
  • Мындай эл аралык актылардан болуп:
  • ▪ Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы БУУнун Конвенциясы (15-ноябрь 2000 жыл)
  • ▪ Терроризмди каржылоого каршылык жөнүндөгү БУУнун Конвенциясы (9-декабрь 1999-жыл)
  • ▪ БУУнун коррупцияга каршы күрөш жөнүндөгү Конвенциясы (31-октябрь
    2003-жыл)
  • ▪ Шанхай кызматташтык уюмдарынын терроризмге каршы Конвенциясы (16-
    июнь 2009-жыл) саналат.
  • 1997-жылдан 2010-жылга чейин көпчүлүк мамлекеттерде юридикалык жактардын жазык жоопкерчилиги киргизилген. Жаңы ЖКде юридикалык жактарга карата кылмыштык жазалоо эмес, физикалык жактарга карата колдонулуучу жаза-укуктук чара таасирлери каралган.
    Бул – квази-жаза жоопкерчилиги деп аталат. Бул жоопкерчилик физикалык жактардын ишмердиги менен байланыштуу. Банктын кызмат адамынын акчаларды кылмыш жолу менен алып чыгып кетишин мисал катары келтирсек болот. Иштелип чыккан жакындоо ЖКде бекитилген ЖКдеги жеке күнөө жоопкерчилиги принциби менен шайкеш келет, жана анын түзүмүн толугу менен сындырбайт. Юридикалык жакка карата кылмыш-укуктук таасир тийгизүү чараларын колдонуу төмөнкү эки жагдайдын болушу менен шартталган:
  • ▪ кылмыштуулук жосуну юридикалык жактын пайдасына карата жасалышы керек жана
  • ▪ анын жетекчиси же өкүлү тарабынан
  • Юридикалык жакка кылмыш-укуктук таасир кылуу чаралары ал кылмыш жасалганда гана колдонулат:
    ▪ жеке жана мамлекеттик сектордогу коррупциялык кылмыштар
  • ▪ терроризмге байланышкан кылмыштар
  • ▪ керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүүгө байланышкан кылмыштар
  • ▪ экологиялык кылмыштар
  • ▪ адамдарды сатуу, жалган ишкерлик, каржы пирамидасын уюштуруу, кылмыш менен алынган кирешелерди чыгарып кетүү
  • Көрүнүп тургандай, аталган чараларды колдонуу чектөө мүнөзүнө ээ, башкача айтканда, бардык кылмыш зыян келтирүүлөргө жайылтылбайт.
  • ▪ Ошондой болгон күндө дагы эл аралык булактар юридикалык адамдардын жоопкерчилиги тууралу ченемдер чанда колдонуларын күбөлөндүрөт.
  • ▪ Ошентсе да, биз корпоративдик кылмыштуулукка каршы аракеттердин жаңы механизмдерин иштеп чыгууну талап кылуучу жаңы укуктук доорго кирип жатабыз.
  • 125-беренеде юридикалык жакка карата таасир кылуунун чаралары каралган. Мындай жоопкерчиликтин укуктук режими төмөнкү чараларды көрүү менен байланышкан:
  • ▪ жазана (штраф)
  • ▪ укуктарды чектөө
  • ▪ юридикалык жакты жоюу
  • Юридикалык жактын мүлкүн конфискациялоо кылмыш-укуктук таасир кылуунун кошумча чарасы катары колдонулушу мүмкүн.
  • Пробация институту
  • Кылмыш-укуктук таасир кылуунун дагы бир маанилүү инструменти болуп өлкөдө пробация институтун киргизүү саналат. Ѳткөн жылдарда Кыргызстанда бир топ жетиштүү жогорку деңгээлде түрмө эли болгон. Парламент тарабынан жыл сайын кабыл алынган амнистиялар эркинен ажыратуу жерлерин бошотууга кызмат кылган. Ушуну менен катар, кылмыш жоопкерчилигинин кайтарымсыздыгынын кандайдыр бир натыйжалуулугунун принциби жөнүндө, жана жазалоонун максаттарын жүзөгө ашыруу, түзөтүү, кайтадан тарбиялоо, кайтадан социализация кылуу жөнүндө айтууга болбойт.
  • Адамдар «отурушат» жана кезектеги амнистияны күтүшөт.
  • Кылмыш мыйзамдарын гумандаштыруу жазалоо системасына качан эркинен ажыратууга байланышпаган жазалоолор киргизилгенден кийин, 2007-жылы башталган. Бул – келтирилген зыяндарды толтуруу менен эл алдында кечирим суроо, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө, ал эми өлүм жазасынын ордуна – өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу.
    Бирок, гумандаштыруу боюнча ушул мыйзам кыска аралыктагы ийгиликке ээ болгон, андыктан түрмө элинин көрсөткүчтөрү акыр аягында кайрадан, акырындык менен болсо дагы өсө баштаган.
  • Кайтадан социалдаштырууга окшогон жаңы максаттагы жазалоону иш жүзүнө
    ашырууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ЖКке соттолгон адамга карата социалдык-укуктук көзөмөлдү киргизүү – пробация каралган.
  • Кыргызстандын тажрыйбасына пробацияга окшогон институтту жайылтуунун
    концепциясы кандай?
  • ▪ Эркинен ажыратууга карата альтернативаны киргизүүдөгү оң маанидеги эл аралык тажрыйба
  • ▪ Түрмөгө камоо менен байланышпаган чараларга карата соттолгон адамдарды социалдык-укуктук көзөмөлдөөнү киргизүү сунуштары чагылдырылган БУУнун Минималдык стандарттарынын эрежелеринин (Пекиндик Тартиптер) Эл аралык стандарттары.
  • ▪ Соттолгонду кайтадан социалдаштыруу максатын жүзөгө ашыруу
  • ▪ Жеке превенция максатын жүзөгө ашыруу
  • ▪ Коомчулукту пробациялык көзөмөл жүрүмдөргө кошуу
  • ▪ Бюджеттик каражаттарды сезимдүү үнөмдөө
  • ЖКде пробация институтуна арналган өзүнчө бап каралган.
  • ЖКде пробацияны колдонуунун негиздери (83-берене), көзөмөл талаптар жана
  • пробациялык милдеттер (84-берене) ошондой эле, пробациялык көзөмөлдүн укуктук кесепеттери (85-берене) иштелип чыккан.
  • Пробация институту факт жүзүндө шарттуу соттоо жана жазалоону аткаруудан бошотуунун башка институттарын толугу менен алмаштырат.
  • Бул институт шарттуу соттону эске салат. Бирок, башкысы, аны аткаруу ишеними укук коргоо органдарына эмес, атайын түзүлгөн пробация институтуна берилиши керек. «Пробация жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынды, жана ЖАМК (ГСИН) базасында ушул кызмат түзүлүүдө, аны иш жүзүнө ашырууга киришти. Келечекте өз алдынча болгон пробация органынын жайгаша турган жери (Казахстан) же мамлекеттик башка органдын алдында болоору чечилет. Келечекте пробация институту кылмыштарды жана жоруктарды эрте, алдын-ала болтурбоо этабы, ошондой эле кайтадан кылмыш жасабоону (рецидивдерди) эскерткич болушу керек.
  • Күтүлүүчү натыйжа – кылмыштарды кайталап жасоонун жана түрмө элинин
    деңгээлин төмөндөтүү. Албетте, бул кызмат сапаттуу жана жоопкерчиликтүү иштеген
    шарттарда гана ишке ашат.

Ссылка: https://barometr.kg/lejla-sydykova-kylmyshtuulukka-karshy-krsh-kjgj-dajyma-aktualduu



Добавить комментарий