Лаостогу жарылган ГЭСтен 3060тай адам үйсүз калды, 131ге жакын дайынсыз жоголууда

26 июля 2018 19:30 1090 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Лаостун премьер министри  Тхонглун Сисулит   жарылган тогоондун кесепетинен жоголгон адамдардын саны 131 ге жетти деп билдирди Синьхуа маалымат агенттигине. Мурда жоголгондордун саны 49 дай деп жатышкан. 

Эске сала кетсек, ушул дүйшөмбү күнү Вьетнам менен Камбоджия мамлекеттери менен чектешкен аймакта Лаостун түштүк жагындагы курулуп жаткан Сепиан-Се Нам Ной ГЭСи жарылып, кырсыктын кесепетинен жакын жайгашкан айылдарды суу каптап кеткен. Үйсүз калган адамдардын саны 3060 ка жетти. Ал эми жоголгондор табыла элек. 

Ссылка: https://barometr.kg/laostogu-zharylgan-gesten-3060taj-adam-jsz-kaldy-131ge-zhakyn-dajynsyz-zhogoluuda



Добавить комментарий