LaLiga: "Барселона" - "Реал" беттеши 18-декабрга белгиленди

23 октября 2019 17:43 4118 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол боюнча Испания Чемпионаты – Ла-Лиганын 10-турундагы "Барселона" менен "Реал" беттеши, "El Clasico" 18-декабрга жылдырылды.

Мындай маалыматты Ла-Лиганын официалдуу сайтында бүгүн жарыялады. Беттештин башталыш сааты айтылган эмес.

Маалыматка ылайык, мындай чечим эки командадан келип түшкөн сунуштарды карап чыккандан кийин кабыл алынган. Мындан сырткары федерация өкүлдөрү матчты өткөрүү мүмкүнчүлүгүн таразап чыгышкан.

Жылбашында кабыл алынган календарлык плага ылайык чемпионаттагы алгачкы "El Clasico" 28-октябрда болмок. Католониядагы массалык башаламандыктардан улам оюн жылдырылган.

18-декабрь күнү Испания чемпионатынын оюндары белгиленгендиктен, Ла-Лиганын жетекчилиги Барселона – Реал беттешин 18-декабрга калтырууга да буга чейин каршы чыгышкан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/laliga-barselona-real-betteshi-18-dekabrga-belgilendi



Добавить комментарий