Лабрадор тукумундагы дөбөт жетим калган өрдөктөргө ата болду
Жаныбарларда сүйүү жана боорукердик бар экенин Фред аттуу лабрадор тастыктады. Өткөн жылы ал тогуз өрдөктү багып, дүйнөнү таң калдырган. Эми ал жаныбар алты жөжөгө ата болду. Бул тууралуу макала bigpicture.ru сайтына жарыяланды.
11 жаштагы Фред же лабрадор тукумундагы ит 2018-жылы кеңири таанылган. Анда ал энеси жоголуп кеткен 9 өрдөктү камкордукка алган. Алар чоңоюп, уядан учканда энесинин камкордугунан ажыраган беш жөжөнү багууну чечти.
Боорукер лабрадор Англиядагы Эссекс графтыгындагы Маунтфишет капкасында жашайт. Бул архитектуралык жайда жашагандар Фред ата-энелик милдетин кандайча аткарарына көз салып турушат. Уяда 14 жөжө чыгарган өрдөк белгисиз себептер менен жарым жөжөсүн алып, башка жакка кеткен. Калгандарын Фред бага баштады. Дайыма аларды калкаалап жанында жатат. Кийинчерек өрдөктүн жөжөлөрү жонуна, башына чыгып алчу болгон. Капканын кызматкерлери камкор лабрадорду сүрөткө тартып, социалдык тармактарга койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/labrador-tukumundagy-dbt-zhetim-kalgan-rdktrg-ata-boldu
Добавить комментарий ×