Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы кымбаттайт

27 августа 2021 14:04 1978 Barometr
Поделиться в:
ok

Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы курулуш материалдардын баасы кымбаттагандыктан улам жогорулайт. Бул тууралуу Курулушчулар күнүнө арналган иш-чарада JIA ишкер ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“Биз кыймылсыз мүлккө карата бааны кармап турууга аракет кылып жатабыз, бирок көпкө чейин андай кыла албайбыз. Курулуш материалдары дүйнөнүн баардык жагында кымбаттап жатат. Эгерде мурда 1 тонна арматура 40 миң сом турса, биз бүгүн ага 80 миң сом төлөп жатабыз. Материалдардын баасынын кымбатташы кыймылсыз мүлккө түздөн-түз таасир берди”,-деп айтты ал.

Мындан тышкары курулушчулар цементтин баасынын, тейлөөнүн жогорулаганын кошумчалашты.Ошондой эле курулуп жаткан обьектилер эң аз эле маржа менен сатылып жатканын белгилешти.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kznd-kyjmylsyz-mlktn-baasy-kymbattajt



Добавить комментарий