Көздөн кан агызган табышмактуу оору дарыгерлерди таң калтырды
Бала бакчада иштеген Алексис Харрисон аттуу австралиялык кыз күндөрдүн биринде ваннадан тайгаланып, башы менен жыгылган.
Дароо ооруканага кайрылганда дарыгерлер текшерүүдөн өткөргөн. Ага карабастан кийинки күнү көзүнөн кан ага баштаганда кайрадан дарыгерлерге кайрылган.
Компьютердик томографияда мээнин жабыркаганы байкалбагандыктан бара бара айыгары айтылган. Бирок кан оозу, мурдунан кошо чыгып, айрым учурда үч саатка чейин созулган.
Жакында гана Алексистин апасы медицина кызматкерлери башка бейтаптын компьютердик томографиядагы жыйынтыктарын карап жүрүшкөнүн билген.
Кезектеги текшерүүдө деле мындай приступтарга жана кандуу жаштын агышына жооп табылган жок. Дарыгерлер мындай учур алардын тажрыйбасында кездешпегенин айтып, таң калышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kzdn-kan-agyzgan-tabyshmaktuu-ooruu-darygerlerdi-ta-kaltyrdy
Добавить комментарий ×