Көзүңө жаш айланат. Эне каза болгон жети жашар кызы менен виртуалдуу жолукту

10 февраля 2020 17:00 1508 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Түштүк Кореянын жашоочусу технологиянын жардамы менен үч жыл мурда каза болгон жети жашар кызы менен виртуалдык түрдө жолукту. Бул тууралуу Independent басылмасы жазды.

Кызынан айрылган Янг Йи-сунг I Met You (Мен сага жолуктум) аттуу документалдуу тасмага тартылууга макул болгон. Анда VR технологиясын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеген компания аялга эстен кеткис эмоционалдык маанай тартуулаган.

Алар аялды виртуалдык жайда кызы менен жолуктурган. Алгач адистер кыздын сүрөтүн компьютерге өткөрүп, андан 3D моделин түзүшкөн.

Янг Йи-сунг VR шлемин кийип кызынын “Апа, сен кайда жүрдүң? Мени ойлодуңбу?” деген сөздөрүн укканда өзүн кармана албай, шолоктоп ыйлаган. Бул учурда эксперимент боло турчу жерге келген Йи-сунгдун күйөөсү жана балдары көзүнө жаш алган.

Быйыл 6-февралда Түштүк Кореяда көрсөтүлгөн документалдык тасма учурда кореянын социалдык тармактарында кызуу талкууланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kz-zhash-ajlanat-ene-kaza-bolgon-zheti-zhashar-kyzy-menen-virtualduu-zholuktu



Добавить комментарий