Көзү тирүү туруп айкелин тургузган Алиясбек Алымкулов катуу сынга калды

12 ноября 2018 14:30 2357 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Элдик баатыр жана КРнын Алматыдагы башкы консулу Алиясбек Алымкуловдун айкелинин тургузулушу көпчүлүктүн кыжырына тийди. Бул тууралуу интернет колдонуучулары ар түрдүү терс ой-пикирлерин жазып калтырышууда.

Эстелик Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун маданият үйүнүн алдында социалдык эмгектин баатырларынын, Эл баатырларынын жана 2010-жылдагы апрель окуясынын баатырларынын эстеликтери орнотулду.

Бул маалымат интернетке бат тарап, Алиясбек Алымкуловдун дарегине катуу сындар айтылууда. 

Көпчүлүк апрель окуясында каза болгондорго эмес тирүүлөргө айкел орнотулганына нааразы болушса, дагы бир топтор көзү тирүү турганда айкел орнотуу туура эмес деп айтышууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/kz-tir-turup-ajkelin-turguzgan-aliyasbek-alymkulov-katuu-synga-kaldy



Добавить комментарий