Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты

5 сентября 2020 09:09 672 Barometr
Поделиться в:
ok

Көзү азиз балдарга арналган атайын Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматта, Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернатында жалпы 340 окуучу билим алары айтылат. Ага ылайык, көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарына китептер басылып чыгарылды. Каражат Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бөлүндү.

Жаңы окуу жылына карата мындагы билим алган 7-класстан баштап, 11-класска чейинки окуучулар үчүн Брайл шрифти менен 4 аталыштагы китеп басылып чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/kz-aziz-baldar-chn-brajl-shrifti-menen-kitepter-basylyp-chykty



Добавить комментарий