Кызынын башын кесип баштыкка салып, жылаңач жүргөн аял кармалды

1 мая 2020 16:51 4712 Barometr
Поделиться в:
ok

Украинанын Харьков шаарында жылаңач жүргөн аял полицияга бычак менен кол салды. Ал кармалып, көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинен кыздын башы табылган.

Life басылмасынын жазышынча кармалган аял укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө эч нерсе түшүндүрүп бере алган эмес.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалымата боюнча, баштыктын ичинде аялдын 11 жаштагы кызынын башы болгон. Кыздын сөөгүн анын таекеси тапкан. Ал эртең менен Подворки айылындагы үйүнө келген. Бөлмөлөрдүн биринде эжеси 11 жаштагы кызы менен жашачу. Кыздын таекеси бөлмөгө кирип башы кесилген жээнинин сөөгүн көргөн.

Учурда укук коргоо органдары 38 жаштагы аял мындай кадамга эмнеге барганын тергеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzynyn-bashyn-kesip-bashtykka-salyp-zhylaach-zhrgn-ayal-karmaldy



Добавить комментарий