Ислам шериктештиги оюунун ачылуу аземиндеги кыргыз спортчуларынын формасы көпчүлүктү суктантты (видео)

10 августа 2022 11:55 1538 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюундарынын ачылуу аземиндеги кыргыз спортчуларынын формасын көпчүлүк жактырып, жогорку баасын беришүүдө. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Маалым болгондой, азыркы тапта Түркиянын Конья шаарында V Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат.

Ачылыш аземине Кыргызстандын спортчулары кызыл байрак, кызыл форма менен көз кубанта басып өтүшкөн. Соцтармакта спортчулардын формасын жарашыктуу жана кооз деп баалашууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан спорттун 16 түрүнөн катышат.

Аталган эл аралык турнир 9-19-август күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан курама командасынын алдыңкы спортчулары катышып жатат.

Ислам шериктештиги оюндары 2005-жылы негизделип, ар төрт жыл сайын өтүп келет. Быйыл 54 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Биздин спортчуларга ийгилик каалап, жеңиш менен келишине тилектешбиз.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzyl-bajrak-kyzyl-forma-islam-sherikteshtigi-oyuunun-achyluu-azeminde-kyrgyz-sportchulary-kpchlkt-suktantty



Добавить комментарий