Кызыл-Кыяда аялын сабаган киши 40 сааттык жумуш менен жазаланды

18 июня 2020 17:13 961 Barometr
Поделиться в:
ok

Кызыл-Кыя шаардык соту аялына зомбулук көрсөткөн кишиге карата 40 сааттык коомдук ишке тартуу өкүмүн чыгарды.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургуну Ш. И. А. Аттуу жарандын уюлдук телефонуна келген билдирүүдөн улам жубайлар ортосунда чыр башталып. Ачууланган жолдошу аялына кол көтөргөн. Окуя 20 апрелде катталып, ага карата өкүм 9-июнда чыгарылды.

Соттук отурумунда айыпталуучу өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнгөн.

Иштин материалын карап чыгуу менен, Кызыл-Кыя шаардык соту айыпталуучуну күнөлүү деп таап, буга чейин айыпталуучу соттолгон эместигин эске алып, аны 40 сааттык коомдук ишке тартуу өкүмүн чыгарды

Ссылка: https://barometr.kg/kyzy-kyyalda-ayalyna-zombuluk-krstkn-kishige-karata-kmn-chykty



Добавить комментарий