Кызсайкалдын мурунку жолдошу Эрнис кайрадан үлпөт той өткөрдү

15 сентября 2020 11:36 3661 Barometr
Поделиться в:
ok

Актёр жана модель катары элге  таанымал болгон Эрнис Айдаралиев үлпөт той өткөрдү. Бул тууралуу анын  достору соц тармакка жарылаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кече, 14-сентябрда Эрнис менен жубайы Аделина калың элден бата алышып, үлпөт той өткөрүштү. Түгөйлөрдүн заманбап тою борбор калаадагы ресторандардын биринде орун алды.

Жакшылыкка күбө болгон шоу-бизнес өкүлдөрү тойдогу сүрөттөр менен бөлүшүп, эки жашка "түбөлүккө бактылуу болгула" деген каалоо-тилектерин айтышты.

Белгилей кетсек, Эрнис Айдаралиев буга чейин Кызсайкал Кабыловага үйлөнүп, түгөйлөр бир жыл жашап кыздуу болуп, эки ажырым жолго түшкөн.

Эрнис Айдаралиев 1997-жылы Орусиянын Алтай аймагында төрөлгөн. Үч бир туугандын улуусу. Учурда жеке бизнес менен алектенет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzsajkaldyn-murunku-zholdoshu-ernis-kajradan-lpt-toj-tkrd



Добавить комментарий