Кызсайкал Кабылова: “Сени менен урушканыма эмес, таанышканыма өкүнөм...”

7 июнь 2019 11:21 25745 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Кызсайкал Кабылова жолдошу Эрнис Айдаралиев менен бир кыздуу болгондон кийин эки ажырым жолго түшүшкөн. Бул чечимин жубайлар “тил табыша албадык” деп түшүндурүшкөн.

Бирок арадан 1 жылдан ашык абакыт өткөнүнө карабай алар интернет баракчалары аркылуу ар түрдүү көңүл ооруткан постторду жазып келишет. Бир туруп өкүнүп жаткандай түр кылса кайра өкүнбөйм деп айтуудан чарчабай келишет. Ал эми алардын күйөрмандары азыр да жубайлардын кайра элдешишин тилеп келишет.

Ага карабай Кызсайкал бир топ адамдын үмутүнө суу сээп жакынкы күндөрдө мыйзамдуу түрдө кызынын фамилиясын Кабылова деп өзгөрткөндүгүн кабарлаган.

Ал эми кечээ баракчасынан:

“Сени менен урушканыма эмес, таанышканыма өкүнөм...”, -деген билдирүү калтырды.

Анын бул сөзүнө көпчүлүп “сен да бактылуу болосуң” “кызың бар өкүнбө” деген кеңештерин беришти.

Ошол эле учурда Эрнис да:

“Ар кимдин өз чындыгы бар жана ал сенин чындыгың менен төп келбейт. Туурабы?”, -деп суроо салды.

Алар бул постторун кимге арнап жазганын атап айтпаса да, окурандары Кызсайкал менен Эрнис бири-бирине арнап жазып жатат деген тыянакка келип, ар тараптуу кеңештерин берип, акыл айтууга өтүшөт.

Эске салсак, Эрнис Айдаралиев учурда жеке ишкерлк менен ал эми Кызсайкал Кабылова сулуулук салонун иштетүү жана жеке ишкерлик менен алектенишет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzsajkal-kabylova-seni-menen-urushkanyma-emes-taanyshkanyma-knm



Добавить комментарий