Кызматтык милдетин жөндөй албаган жол коопсуздугунун эки кызматкери кызматтан алынды
Поделиться в:
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы тууралуу жыйын болуп өттү. Анда органдын кызматтык милдетин жөндөй албаган 2 тескөөчүсү ээлеген кызматынан бошотулду.
Маалымдалгандай, дагы беш тескөөчү кызмат учурунда тапшырылган ишти начар көзөмөлдөгөнү үчүн жоопко тартылышты.
Ал эми кызматтык милдеттерин так аткарган 5 кызматкер ардак грамота менен сыйланышты.
Добавить комментарий ×