Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кыргыз элине кайрылуу жолдоду

6 мая 2021 09:52 438 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы эле кызматтан кеткен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев аны колдоп жаткан кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кымбаттуу мекендештерим!

Алты жарым ай иштеген жооптуу кызматтан кетип жатып жалпы элиме ыраазычылык билдиргим келди. 2020-жылдын 13-октябрь күнү өлкөбүздө саясий абал курч болуп турган кезде эң маанилүү тармак болгон Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп дайындалдым. Ошондой эле, пандемияга байланыштуу окуу процесси 100% онлайн жүрүп жаткан, жалпы элибиз үчүн оор болуп турган мезгилде келдим. Мамлекетимдин бюджетинин ири бөлүгүн алган менен билим, илимдеги өнүгүүгө тыйын бөлүнбөгөн финансылык тартыштык маселеси турду.

Бирок, ага карабастан элибиздин колдоосу, мугалим, педагог, илимпоздорубуздун күжүрмөндүгү менен позитивдүү маанайда иш алып барганга аракет кылдык. Бул мөөнөттө колдоо көрсөтүп, билим, илим министри кызматын алып барышыма шарт түзгөн жалпы элибизге, президентибиз Садыр Жапаровго, өкмөт башчыбыз Улукбек Мариповго, ЖКтин жалпы депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө, Эл аралык уюмдарга, элчилерибизге, өлкөбүздөгү өнөктөш өлкөлөрдүн элчилерине, журналисттерге, минисрликтин аппаратына, жалпы мугалим, илимпоз жана тармактын жалпы кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиремин.

Мага кабатыр болуп, пикир билдирип жаткан, колдоп жаткан замандаштарыма рахмат. Баары жакшы болот, мындан ары да колумдан келгенин өлкөм үчүн кылганга даярмын. Жумушка байланыштуу кимдир бирөөнүн жүрөгүн ооруткан болсом кечирим сурайм. Өлкөбүз гүлдөп өссүн, ылайым тынчтык гана өкүм сүрсүн”, - деп жазды Бейшеналиев.

Эске сала кетсек, кече 5-май күнү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетип, анын ордуна  Болотбек Купешев дайындалган. 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске сала кетсек, 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрүп, кече, 5-май күнү президент Садыр Жапаров курамын бекиткен.



Ссылка: https://barometr.kg/kyzmattan-ketken-bilim-ber-ministri-almazbek-bejshenaliev-kyrgyz-eline-kajryluu-zholdodu



Добавить комментарий