Кызмат убагында каза болгон милиция кызматкерлердин үй үбүлөсүнө жардам көрсөтүлдү

15 мая 2020 14:47 1797 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 15-май кызмат учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын 15-майындагы буйругуна ылайык «15-май-кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү» катары белгиленип келүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов Ош шаардык ички иштери башкармалыгында кызмат өтөп жатып каза болгон кызматкерлердин үйлөрүнө барып, жардам колун сунуп, каза болгон милиция кызматкерлерине жакындан жардам көрсөтүүнү башкармалыктан түзүлгөн атайын тобуна тапшырды. 

«Бүгүнкү санитардык-эпидемиологиялык кырдаал каза болгон кызматкерлердин жакындарын топтоп, сый көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Жагдайды эске алып биз ар бир каза болгон кызматкердин үйлөрүнө барып кабар алабыз. Каза болгон кызматкерлер бүгүн гана эмес, ар дайым биздин эсибизде»,- деп билдирди ал.

Бул күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атынан барган атайын топ кызмат учурунда каза болгон 13 кызматкерлердин үйлөрүнө барышып, үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүштү. Айрым жакындарынын иш ордуларына барып, кабар алышты. Маркум милиция кызматкерлерине багышталып, куран түшүрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzmat-ubagynda-kaza-bolgon-kyzmatkerlerdin-j-blsn-zhardam-krstld



Добавить комментарий