Кызды саатынан тааны

28 января 2019 10:53 2780 Barometr
Поделиться в:
ok

Саат – башкы акссесуарлардын бири. Азыркы кезде саат убакытты билүү үчүн гана эмес, мода үчүн да колдонушат. Ага кошо, кыздар таккан сааттын белгилүү бир сыры бар. Сырын билгиңиз келсе жзууга көз жүгүртүңүз.

Кыздардын колундагы классикалык кымбат саат алардын табышкер экендигинен, өзүн жогору баалай турган адам экенинен кабар берет. Мындай аял жогорку жөндөмдүлүгү менен, тартиптүүлүгү менен, максаты менен өзгөчөлөнөт. Ал өз убакытын жана өзүн баалай билет, ар дайым жаңы жетиштиктерге ынтызар болот.

Өзгөчө формадагы, адаттагыдан сырткары дизайндагы саат тандаган кыздар кылык көрсөтө алган адамдардын катарына кирет. Мындай кыздар жашоону күлүп карап, көңүл көтөргөндү жакшы көрөт жана алардын мүнөзү көбүнчө кубулмалуу келет.

Жашоодо туруктуулукту баалаган кыздар төрт чарчы формадагы сааттарды тагышат. Мындай кыздар өз ишинде так, көшөрүп өз дегенине жетишет. Алар – эмгекчил, кадамын алдын ала белгилеп иш баштаган жандар. Белглүү бир маселеге өз оюн калыпташтырса, аны өзгөртүү оңойго турбайт, ал пикири ката болсо да, мойнуна албайт. Ага кошо, өмүрүн өзгөртүүгө даяр эмес.

Дөңгөлөк же овалдуу келген саат романтитканы каалаган адамдар тандашат. Адатта мындай аялдар өтө сезимтал жана аңкоо  болушат. Кантсе да алар – адам менен тез тил табыша алган, колунан келгенин аябаган адамдар.

Эгер аял тик төрт бурчтуу формадагы саат тандаса, ал өзгөрүү менен жаңылыка тез көнө албайт. Аларды жаңы дүйнө үчүн ордунан тургузуу өтө кыйын. Ал темирдей чыдамкайлык менен таң калтыра алат.

Тигинен кеткен төрт бурчтуу сааттар ызакор жана атактуулукту жактырган кыздар көп тагышат. Мындай кыздар максаттына жете билгендиги менен өзгөчөлөнөт. Алар – өтө ишенимдүү шериктеш жана ызы-чуу жараткан маселелерден алыс жүргөн жандар.

Кыйшык формадагы сааттарды таккандар туруксуз кыздар.  Мындай аксессуардын ээлери өз адаты менен каалолорун тез өзгөртүп, кубулуп жүрүшөт. Алардын белгилүү бир максатка кол жеткирүүсү өтө сейрек кездешет, көбүнчө баштаган ишин аягына чыгарбай таштайт.


Ссылка: https://barometr.kg/kyzdy-saatynan-tany



Добавить комментарий