Кыздуу болгусу келген эркектер көппү?

1 сентября 2021 14:17 2427 Barometr
Поделиться в:
ok

“Күйөөм кыз төрөбөйсүз деп чатак салат”, - дейт Жазгүл.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Жазгүл (аты өзгөртүлдү) аттуу окурман кат жазды.

“Саламатсыздарбы, мен алыскы райондон сиздерге жазып жатам. Айылда турабыз, үлүш жерибиз бар, дыйканчылык кылып, мал кармайбыз. Жашообуз орточо, элден кем калбай жашап келе жатабыз. Мени түйшөлткөн бир суроо болуп жатат. Алты эркек балам бар. Жолдошум кыз төрөп бербейсиз деп эле дайыма чыр чыгара берет.Өзүм дагы кыз баланы жакшы көрөм.Үйдө абдан кыздуу болууну күтүп жүрөбүз. Дарыгерлер ден соолугума байланыштуу азырынча балалуу болууга тыюу салышты. Акыркы күндөрдө кыздуу болбогонубуздун айынан үй-бүлөдө уруш-талаш көп чыкчу болду. Жолдошум “баланчаныкына барсам кызын эркелетип отуруптур, түкүнчө кызын куурчактай кылып кийинтип ээрчитип жүрүптүр. Мен карап алып жаман болдум” деген сыяктуу кептерди айтып арман кыла берет. Эч кимге деле айта албайм.Кыздуу болууну каалап уруш чыгарган эркектер барбы же менин эле жолжошум ушундайбы түшүнө албадым.Кээ бирөө тескерисинче уул төрөп бересиң деп чатак салат го. Аялдар бул учурда эмне кылыш керек?”, -деп кайрылды Жазгүл айым.

Бул тууралуу сиз кандай пикирдесиз окурман? Ушундай тааныштар, достор, туугандар сизде барбы? Жазгүлгө кеңеш беришиңизди күтөбүз. Канткенде жагдайды жакшыртса болот?

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyzduu-bolgusu-kelgen-erkekter-kpp



Добавить комментарий