Кыздарды суктандырган футболчулардын бири Темирлан Козубаев үйлөндү

28 января 2019 17:02 3744 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргызстан курама командасынын футболчулары Азия кубогу-2019 оюндарынан кийин элге кенен таанылып, өзүнүн күйөрмандарын таба алды. Футболчуларыбызга кыздар да жигиттерден кем калышпай колдоо көрсөтүштү. Албетте кыргыз футболчу жигиттери татыктуу оюн көсөтүшүп элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло алышты. Алардын интернет баракчаларында катталуучулардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Ал арада кыздардын көңүлүн бурган жигиттердин бири Темирлан Козубаев үйлөнгөндүгү тууралуу айтып, инстаграм баракчасына жубайынын сүрөтүн жүктөдү.

Көпчүлүк футболчуга ийгилик каалап, жубайы менен бактылуу болушун тиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzdardy-suktandyrgan-futbolchulardyn-biri-temirlan-kozubaev-jlnd



Добавить комментарий