Кыздар аркаңыздан чуркаш үчүн эмне кылыш керек?

12 сентября 2019 12:00 7322 Barometr
Поделиться в:
ok

Чындыгында айрым жигиттер эмне үчүн кээ бир эркектер кыздарга жагымдуу, аялдарга тартымдуу болот деген суроо беришет. Бул суроого жооп табыш үчүн barometr.kg төмөндө бир нече кеңештерди сунуштайт.

Кээде атаандаштын келбети деле анча эмес, акчасы деле жок бирок кыздар арасында ийгиликке жетет. Кантип?    

Бул үчүн адегенде аялдар эркектердин эмнесине кызыга турганын карап чыгуу зарыл.

Биринчиден, аялзатына эркектердин өзүнө ишенимдүү болгону жагат, жигит уялчаак жана тартынчаак болсо анын айымдар арасындагы ийгилиги дагы ошончо азаят.

Ошондуктан жигиттер өзүнө болгон ишенимди өстүрүүсү зарыл жана аны айлана-чөйрөсүнө көрсөтө билүү керек.

Ошону менен катар кыздар билимдүү жигиттерди да жактырат. Буга байланыштуу дайыма терең билим алып, тил үйрөнүп, кесипкөйлүгүңүздү жогорулатыңыз. Ошондо кыздар менен бат тил табышып алар менен кайсы темада болбосун сүйлөшүп кетесиз.

Кийинки кеңеш: дайыма таза жана тыкан жүрүңүз, чачыңызды жакшылап жасалгалап, таза кийинип, бир аз жыттуу атыр да сээп алсаңыз ашыкча болбойт.

Психологияда ысык-суук деп аталаган ыкма бар. Мындай ыкманы дагы колдонуп көрүңүз. Анын мааниси адегенде  сизге жаккан кызга аябай кызыкдар экениңизди көрсөтүңүз. Андан соң көңүлүңүздү башка кызга буруңуз. Кыз да сизди жактырып жаткан болсо кызганычтан эмне кыларын билбей сизге көбүрөөк көңүл бура баштайт.

Бирок мындай оюнду көпкө ойногонго болбой турганын эске алыңыз, антпегенде таарынычтар менен конфликтерден кутула албай каласыз.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzdar-arkayzdan-churkash-chn-emne-kylysh-kerek



Добавить комментарий