“Кыз Бурактын” мурдагы солисти Айжамал Кабылова жан биргесине арнап ыр жазды

28 февраля 2020 16:28 2232 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыз Бурак” тобунун мурдагы солисти Айжамал Кабылова жан биргесине арнап чыгарган арын Instagram баракчасына жазды.

Турмуштун тегирмен таштары,
Толготуп кай жака таштады?
Кечээги эргүүлөр бүгүн жок,
Ушулбу, сезимдин качканы?

Баарына мейли деп кол булгап,
Тандадым тагдырдын салганын.
Таарынбайм жан биргем өзүңдөн,
Бергенден көп болду алганым.

Айжамал Кабылова “Кыз-Бурактан” кеткенден кийин өз алдынча ырдап жүрөт. Ал күйөөсү Азамат Шакиров менен 2015-жылдары ажырашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-buraktyn-murdagy-solisti-ajzhamal-kabylova-zhan-birgesine-arnap-yr-zhazdy



Добавить комментарий