"Кыз бурактын" кыздарынын чыры. Кенже Дүйшеева: "Айжамал эфирге чыкканда суроолорун алдын ала алып жаттатып чыкчумун, адамдагы эки жүздүүлүк ушундай болот тура"

19 февраля 2019 12:05 19794 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

"Кыз бурак" тобунун мурунку солисттери Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосундагы чыр кайрадан башталды. Кенже Дүйшеева бул тууралуу агынан жарылып, баардык капасын дагы, чырын дагы, ызасын дагы инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты. Мунун баарына Айжамал Кабылованын маалымат каражаттарына берген акыркы интервьюсу себеп болгонун айтууда.

"Майдаланбайм дейм. Кээде майда адамдар үчүн майдаланууга арагасыз кылат эмеспи! Атын атоого да ооз барбайт! Сөз башынан болсун", -деп сөзүн баштаган Кенже Дүйшеева өз пикирин жалпысынан 3 пост менен айтып бүттү.

 Бул тууралуу тактоо үчүн Кенже Дүйшееванын өзүнө байланышканыбызда:

"Ал менин буга чейин кылган жакшылыктарымдын баарын унутканына таң калам. Канча жакшылык кылдым, эл деле билет. Канча убакыттан бери унчукпай, кой акылына келип калаар деп жүрдүм. Оңолгон жок. Мени көрө албай койду дептир. Көрө албасам мен ал үчүн күйүп бышаар белем, же ал үчүн түн уйкумду бөлүп чуркап барат белем? Кайра ырдап чык деп өзүм ырдайм деп турган ырымды бергем. Анын үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн канча аракет кылдым, ооруса да, ыйласа да, кыйналса да чуркап бардым. Балким ал ошону менин үй-бүлөмө кийлигишти деп алган чыгаар. Анын жашоосунда менин ордум толбой жатса керек, ошого жан дүйнөсү ооруп мени каралоого өтүртүр. Ал өз жашоосу менен жашаса мен мунун баарын ачыктамак эмесмин. Адамдын ушунча эки жүздүүлүгүнө таң калам", -деген оюн айтты.

Биринчи жана экинчи постторго ырчы айым пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп, акыркы постуна ачып койду. Көпчүлүк Дүйшееванын жөнөкөйлүгүн баалап, буга маани бербей коюусун суранды.

Ал эми бул маалыматты эки жактуу кылып берүү үчүн Айжамал Кабылованын өзүнө байланышканыбызда:

"Мен айтаарымды айттым. Менин тынчымды албагыла!", -деген орой жоопту гана уга алдык.

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-buraktyn-kyzdarynyn-chyry-kenzhe-djsheeva-ajzhamaldyn-zhan-djns-oorugan-chun-meni-karalap-zhatat-adamdagy-eki-zhzdlk-ushundaj-bolot-tura



Добавить комментарий