"Кыз бурактын" кыздарынын чыры. Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеевага: "Сен өзүңдүн чирик дүйнөң мененсиң!"

20 февраля 2019 13:27 11649 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

"Кыз бурак" тобунун мурунку ырчы кыздары Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосундагы кайым-айтышуу дагы күч алды. Бул боюнча Дүйшеева өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына пост жазып чыкканы бар. Айжамал Кабылова буга так жооп кылып эч нерсе айтпаганы менен бүгүн ал жеке баракчасына пост жазып, элдин суроолоруна жана сындарына жооп берүүгө өттү.

Кабылова постуна:

"Кээ бир адамдар чындыкты айтуу сезиминен ажыратылган. Бирок алардын калпы чындык жыттанат! А бул мени эс алдырат. Себеби мен бийикмин! Аллах мени менен! А сен болсо өзүңдүн чирик дүйнөң мененсиң!", -деп жазып жалпыга көңүлдүү күн каалады.

Албетте бул посттон кийин көпчүлүк ырчынын дарегине терс маанидеги пикирлерди жаадырууга өттү. Бирок дээрлик бардык айтылган сындарга жана пикирлерде Айжамал Кабылова активдүүлүк менен жооп берүүдө.

Пикир калтыруучулардын басымдуу бөлүгү "Айжамал Кенже эженин жакшылыктарын кантип жаныңа жолоткуң келбейт?", "калп дейсиң, жообуң ушулбу, сен дагы жазып чыкпайт белең?", "сенин тарбиясыз экениңдин белгиси" деген өңдүү пикирлерин жазышса, башкалар "элдешип алгыла", "чоң эле аялдарсыңар, бетме-бет олтуруп сүйлөшүп алгыла" дешип эки ырчыга жакшы кеңештерин айтышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-buraktyn-kyzdarynyn-chyry-ajzhamal-kabylova-kenzhe-djsheevaga-sen-zdn-chirik-djn-menensi



Добавить комментарий