Кыямат күнү мөңгүсү өтө тездик менен эрип жатат (видео)

14 сентября 2021 16:27 1646 Barometr
Поделиться в:
ok

Батыш Антрактидагы Туэйтс мөңгүсү Жердин ичкери тарабынан келген жылуулуктан улам катуу эрип жатат. Бул тууралуу “PBS NewsHour” булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Эгерде мөңгү толугу менен эрип кетсе бул дүйнөлүк океандын деңгээлин эң аз дегенде 65 сантиметрге жогорулатат. Мындай абал кыйратуучу кесепеттерге алып келет.

Бул ири объектинин Кыямат күнү мөңгүсү деп дагы атап коюшат. Өткөн кылмыдын соңунда анын 600 миллиард тоннадай музу эрип, бул деңиздердин деңгээлин 4 пайызга жогорулаткан. Акыркы 30 жылда мөңгүнүн ээриши тездик менен жогорулоодо. Анын себеби климаттын өтө ылдам өзгөрүп жатышы жана деңиз суусунун ысышы. Мунун баары муздун тездик менен ээришине алып келүүдө.

Эгер ал толук эрип кетсе океандын жээктериндеги райондор сууга көмүлүп, миллиондогон адамдары эвакуациялоого туура келет.Мындан тышкары Туэйтс музу батыш Антрактиданын муз катмарларын кармап турат жана анын эриши континеттин башка бөлүктөрүнө таасирин тийгизет.



Ссылка: https://barometr.kg/kyyamat-kn-mgs-t-tezdik-menen-erip-zhatat-video



Добавить комментарий