Кыялдануу жакшы жашоого жетелейт

20 августа 2019 10:01 4459 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Максатты туура коюу.Алдыга койгон максатты да туура аныктап туруп, анан кыялдануу керек. Мисалы, сиз "көп акча табышым керек" деп кыялдандыңыз. Ал акчаны таап атасыз, бирок, ошол акчалар беш манжадан тез куюлуп кетип жатат. Же болбосо "испан тилин үйрөнөм" деп максат койдуңуз дейли, үйрөндүңүз, бирок ал тил менен эч ким менен баарлашпай элесиз. Андыктан, "акчаны тапкандан кийин кайда жумшайм?" же "испан тили менен ким менен сүйлөшөм?" деп максаттын да келечегин аныктап алып туруп, ишке ашырганыңыз оң.

Чыдамкай болуу. Кыялдар ишке ашкыча ар кандай убакыт талап кылынат. Ак баракка жазып койгонуңуз жакшы болот. Анан аткарылганын улам белгилей бересиз. Бекеринен "баарын таза барактан баштайлычы" деп айтылбайт. Кыялдар ишке ашкыча улам баракты ачып, карай бербей же "качан аткарылат?" деп наалый бербей, чыдамкай болуңуз. Чыдамкайлык ийгиликти жаратат. Эң башкысы, таза ойлонуңуз. Кыялдардын ичинде бирөөгө кыянаттык самоо болбосун...

Ашыкчаны ыргытуу. Майда-чүйдөнүн баарын ойлоно бербей, масштабдуу ойлонгонго өтүңүз. Бирок, масштабдуу десе, масштабдуу бир нече ойлорду мээге камтып албаңыз. Себеби. глобалдуу кыялдар дароо аткарылбайт. Андыктан, "баарын азыр кылам" деген ачкөздүктөн алыс болуп, масштабдуу, анан бирден кыялданыңыз. Натыйжада, сөзсүз ошол кыял орундалганын элестетиңиз.

Мээдеги "вирустардан" арылуу. Кыялдануудагы негизги нерсе -ишеним. Ишеним болмоюн кыялдар орундалбайт. Эч качан "менин эле жолум жок", "кеч болуп кетти" деген мээдеги тескери ойду алып салыңыз. Мындай ишенимсиз ойлор кыял үчүн өтө коркунучтуу.


Ссылка: https://barometr.kg/kyyaldanuu-zhakshy-zhashoogo-zhetelejt



Добавить комментарий

  • ақшаға кесек мен азда, көпте таптым, айырмашылығы жоқ, ақшаға бағынбау керек. Қандай қыйын болсада, жақсылыққа ұмытылсан, түбі жақсы болат, соған сену керек, негізі ойларыныз керемет қомылам