Кытайлык башчысын өлтүргөн кыргызстандыктын видеосу жарыяланды

14 марта 2019 10:36 12880 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын ЖМКлары Иркутск областында Кытайдын жаранын өлтүргөнгө шектелип кармалган кыргызстандык тууралуу видеону жарыялады. Видеодо кыргызстандык дүкөндөн балаклава (баш кийим) жана желим кол кап сатып алып жатканын көрүүгө болот.

«Вести-Иркутск» телеканалы кабарлагандай, киши өлтүрүүгө шектелип кармалган адам 24 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Суракта ал жумуш берүүчү аны мыйзамсыз иштен айдаганын жана айлыгынын бир бөлүгүн бербей койгонун айткан. Кытайлык ишкердин сөөгү ишкананын аймагынан табылган. Аны түтүк менен башка бир нече ирет чаап өлтүрүшкөн. Шектелип жаткан адам бул жасаган кылмышын мойнуна албай жатат.

 “Алган жаракатынан улам 24 жаштагы Кытайдын жараны каза тапкан. Аны башка чапкан адам качып кетип бир нече күндөн кийин Иркутск областынан кетип калган. Новосибирскте кармалган. Учурда ага айып тагылып, тергөө жүрүп жатат”,-деп айтты Иркутск областынын тергөө органдарында иштеген Карина Головачева.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajlyk-bashchysyn-ltrgn-kyrgyzstandyktyn-videosu-zharyyalandy



Добавить комментарий