Кытайга ташылып бара жаткан 11 тонна эшектин жана ондатрдын терилери ачыкка чыкты

25 января 2019 13:12 1354 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандан Кытайга жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөн эшектин жана ондатрдын (териси кымбат баалуу кемирүүчү жаныбар) терилерин жүктөп кетип бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, 2019-жылдын 22-январында Нарын, Торугарт Кытайга бара жаткан бажы өтмөгүнөн «МАN» маркасында жүк ташуучу унаанын чиркемегинде мүшөктөргө салынган эшектердин жана ондатрлардын салмагы 11 тоннага жакын, баасы 500миң сомду түзгөн товар кармалган. 

Документтеринде эшектин терилери жашырылып коюлган деп жазылат маалыматта.

Бул иш тууралуу керектүү документтер даярдалып, Нарын облусттук Бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди. 


Ссылка: https://barometr.kg/kytajga-tashylyp-bara-zhatkan-11-tonna-eshektin-zhana-ondatrdyn-terileri-achykka-chykty



Добавить комментарий