Коронавирус: Ухань шаарынан келген кыргызстандык студенттерде вирустун белгилери байкала элек
Поделиться в:
Кытайдын коронавирус чыккан шаарынан келген кыргызстандык студенттерде вирустун белгилери жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нурлан Галбаев билдирди.
Белгилей кетсек, февралдын башында Кытайдын Ухань шаарында окуган 18 кыргызстандык студент Казакстандын Нур-Султан шаары аркылуу Бишкекке алынып келген. Алар атайын даярдалган жерге карантинге киргизилген.
“Бардыгынын абалы туруктуу. Аларды инфекционист дарыгерлер карап, анализдерди алышты. Бардыгы жакшы чыкты”, — деди ал.
Галбаев Кытайдан келген студенттер инкубациялык мөөнөт аяктаганга чейин атайын жерде болорун кошумчалады.
Добавить комментарий ×