Кытайдын тургуну саякаттоо үчүн эки жашар баласын сатып жиберген

3 мая 2021 13:11 682 Barometr
Поделиться в:
ok

Се аттуу кытайлык киши эки жаштагы уулун саякаттоо үчүн сатып жиберген. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, наристе Се аттуу жарандын биринчи никесинен төрөлгөн. 

Ажырашкандан кийин, баланын камкордугуна ээ болгон эркек, жаңы алган аялы менен ар дайым баласы үчүн урушуп жүргөн. Урушту азайтып, жашоосун жеңилдетүү үчүн, Се уулунан кутулууну чечкен. Ал баланы перзентсиз жубайларга 158 000 юанга (24, 400 долларга) сатып, жаңы аялы менен өлкө боюнча саякатка чыгып кеткен.

Се аттуу тургундун жакындары баланын дайынсыз жоголгонун байкап, полицияга кайрылышкан. Укук коргоо кызматкерлери наристенин атасын Кытайдын Чжэцзян провинциясында кармашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdyn-turgunu-sayakattoo-chn-eki-zhashar-balasyn-satyp-zhibergen



Добавить комментарий