Кытайдын эң көп гонорар алган актрисасы Фан Бинбин ушул жылдын июнь айларынан бери дайынсыз болууда
Кытайдын эң көп гонорар алган актрисасы Фан Бинбин ушул жылдын июнь айларынан бери дайынсыз болууда. Мындай жаңылыкты америкалык CNN маалымат кызматы билдирди. Фан Бинбин акыркы жолу үңкүрдө камалып, куткарылган тай балдары менен бирге түшкөн сүрөтүн инстаграм баракчасына жүктөгөн. Андан сырткары ммклар аркылуу көпчулүктүн алдына чыгып турган. Июнь айларынан кийин актрисанын бир да жерде көрүнбөй, интернетке да кирбей сырдуу жоголуп кеткендиги таң калтырууда.
Кытайдын Xinhua маалымат агенттигинин жазганына ылайык актриса мамлекетке алган гонорарынан салык төлөөсү керек болгон. Салык кызматкерлери актриса аз салык төлөө үчүн кош келишим түзөт деген маалымат тарап кеткенден кийин текшерүү иштерин баштаган. Фань Бинбин "Сынбаган эрк" ("Несгибаемый дух") тасмасына тартылганы үчүн 4,4 миллион доллар гонорар алган. Бирок салык төлөөгө келгенде гонорарынын үчтөн бир бөлүгүнө гана салык төлөгөн же таптакыр төлөнбөгөн деп айтылууда. Мындан улам серепчилердин айтымында мамлекет актрисаны камакка алып коюшу да толук мүмкүн.
Добавить комментарий ×