Кытайдын автобустары сынга кабылды

21 декабря 2018 10:59 1355 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бир нече жыл мурун алынып келген кытайдын автобустарына байланыштуу ар кандай пикирлер коомчулукта дагы деле айтылып жүрөт. Ал автобустардын айрымдары иштен чыкканы менен көпчүлүгү бүгүнкү күндө шаар тургундарына  кызмат көрсөтүп келет.

Алардын бирин Турсунбай Шарапов аттуу фейсбук колдонуучу видеого тартып алып жеке баракчасына “Бишкек шаары кара түтүндүү автобус...” – деген пост менен жайгаштырды.   

Бул видеодон автобустан буркурап чыгып жаткан кара түтүндү даана көрүүгө болот. Көпчүлүк жарандардын көңүлүн бурган кыскача тасмага ар түрдү маанайдагы пикирлер жазылууда. Айрымдары экологияны булгап жатканына кыжырланышып, көзөмөлдөгөн органдардын дарегине сын айтышууда.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы газ менен жүргөн, жалпы суммасы 382 млн сомдон ашпаган ЕВРО-5 экологиялык норманын талаптарына жооп бере турган автобустарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Ага 8 компания катышкан.  Алардын ичинен 301 млн. 273,7 миң сом сунуштаган кытайдын Zhengzhou Yutongbus Co. Ltd  компаниясы тендер жеңүүчүсү деп табылды.

Эми жалпысынан Бишкек мэриясы 69 жаңы автобус сатып алат, ар биринин баасы 72 миң долларды түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdyn-avtobustary-synga-kabyldy-bishkek-shaary-kara-ttnd-avtobus



Добавить комментарий